Бүгүн 6-июлда, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тунгуч президентин 80 жылдык мааракеси жана Казакстан Республикасынын борбор калаасынын күнү менен куттуктады, ошондой эле ага чың ден соолук, бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине — тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады. Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, жакшы коңшулукту орнотуу жана бекемдөөдөгү жеке салымын дагы бир жолу белгиледи.