Журналист Гүлжан Шерипбаеванын үйүнө кимдир бирөөлөр кирип, багына кан аралаш боо байланган жип байлап кетишкен. Бул тууралуу журналист соцтармактагы баракчасына жазды. Ал бул ишти кимдер жасаганын билбей өзү таң калып, коомчулукка кайрылуу жолдоду.

«Бул калп эмес! Карандай чындык! Үйдүн алдында Кокон гилас (черешня) бар болчу. Менин эң жакшы көргөн дарак эле…кечээ карасам эле бир бутагы соолуп турат…дарактын астын карасам момундай материалды аркан сыяктуу ороп, байланган жеринде кандын тактары бар экен…кандын жыты буркурайт… Ошондой туугандар этият болгула.

Эми жумуштагы көрүнүштү айтайын, офистеги гүлдөрүмдөн таппаган нерсем калган жок, баары куурап таштандыга кетти. Баса, гүлдү ыргытып идишин алып калайын десем кара жип менен ороп салган экен. Кагылып кетейин айрым караниеттер, жамандык адамдын өзүнө сөзсүз кайтат, бирок мен эч кимге жамандык каалабаймын… Жамандык кылгандар кокус коронавирус жугуп калса менен көрбөгүлө))) Көзү ачык, кара магия кылгандарга акча коротпой муктаждарга берсеңер болот, мен баарыбир таап алам)) Менде үйдө жана жумушта жашыруун камералар бар, эми кайталанса коомчулукка чыгарып салам)) мага баары бир, ма демектен өзүн асып салсын»,-деди Шерипбаева.