Теле алып баруучу Назира Айтбекова элди дүрбөлөңгө алдырбай, көкүрөктү ойготуп жакшы гана ойлорду ойлоо керектигин соцтармактагы күйөрмандарына жазып, төмөнкүдөй билдирүү калтырды.

«Биз паникага алдырып, коркунуч чакырып, жек көрүп, бирөөлөрдү күнөөлөп жектеп, санаа тартып, үмүтсүздүктү, туңгуюкту бет алып вибрацияны төмөндөтүп атабыз.

Төмөнкү вибрацияда ооруга чалдыгуу мүмкүнчүлүгү чоң. Төмөнкү энергиядагылар көп ооруйт, кырсыкка кабылат, жакырчылык чегет.

Энергиябызды жогорулатыш үчүн кабыл алуу, ыраазычылык билдирүү, кечирим берүү, кечирим суроо, тобокел кылуу, шүгүр кылуу, сүйүү, ашыкча ойлордон арылуу, көкүрөктү тазалоо, тилди тартуу, бакытка бөлөнүү кирет.

Азыркы тапта тазалануу жүрүп жатат. Жаңы доорго кирүүдөбүз. Жаңы доордо мурункудай материалдыкка басым эмес, руханий өсүшкө басым жасалат. Уктап жаткан көкүрөктү ойготуп, май баскан көздү аарчуу мезгили келди.

Катталуучуларым, жакшылыкты чакыралы. Тынчтаналы. Көкүрөктү ойготолу. Баары жакшы болот. Ушул этапты басып өтмөйүн ойгонмок эмеспиз. Кабылдайлы. Кое берели. Жакшы көрөм силерди»,-деди Айтбекова.