Ысык-Көл райондук ыкчам штабдын мүчѳлѳрү жана Ысык-Кѳл районунун аймагында жайгашкан эс алуу жайларынын жетекчилери менен элден түшкѳн кайрылууларды кароо, учурдагы кырдаалга байланыштуу эс алуу жайларынын иштѳѳсү, райондо чектѳѳ киргизүү жана коронавирус инфекциясына каршы иштерди уюштуруу боюнча жыйын ѳткѳрүлдү.

Күн тартибиндеги маселелер талкууланып, тѳмѳнкү сунуштар айтылды. Туристтик мезгилди токтотуу, кѳлгѳ келүүчү жарандарга чектѳѳ киргизүү же болбосо кѳлдү толугу менен жабуу элдин талабы болууда. Ошол эле, учурда ишкердиктин субъектилери тарабынан кѳлдү жабуу чечими бизнеске чоң зыян тийгизип, ошол эле тармакта жергиликтүү эл иштеп, каражат табуу, үй-бүлѳсүн багуу, мамлекетке салык тѳлѳѳ маселесине терс таасирин тийгизе тургандыгы айтылды.

Мамлекетибиз оор экономикалык абалда турган учурда, ишкердикти жабуу, туура эмес чечим болоору айтылды. Жогоруда айтылган сунуштарды талкуулап, жыйында тѳмѳнкү чечим кабыл алынды:

1. Ар бир эс алуу жайы бардык санитардык талаптарды аткаруу менен иш жүргүзүү жана кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнѳ карата 30 %кем эмес обсервацияга орун даярдоо;

2. Облустук ѳнүктүрүү фондусунан ИВЛ жана башка дем алдыруучу аппараттарды алуу боюнча кайрылуу жасоо;

3. Райондогу санаториялардын дарыгерлерин, медицина кызматкерлерин кырдаал коопту болуп кетсе жалпы ишке тартуу каралсын;

4. Эс алуу жайларынын жетекчилери мүмкүнчүлүккѳ карата жардам берүү, бирге иш жүргүзүү жагы сунушталсын;

5. Ак Кеме посттун ишин күчѳтүү, муктаждыгы жок республика, облус ичинде элдин жүрүүсүнѳ чектѳѳ киргизүү жагы облустук штабка сунушталсын.