Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы Орусияда иштелип чыккан вакцинага кызыкдар экендигин билдиришти. Бул жөнүндө аталган уюмдун башкы илимий кызматкери Сумия Сваминатан билдиргенин чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары  жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, уюм Орусиядагы коронавирусту дарылоодо авифавир дарысынын сыноолорунан кабардар жана алардын натыйжаларын күтөт.

«Биз авифавир препаратын сыноо үчүн колдонулуп жатканын билебиз. Дары эки-үч жолу сыноодон өтөт ошондуктан натыйжаларды күтүп жатабыз. Бирок мындан сырткары Орусиядагы вакцинага кызыкдарбыз», деп билдирген Сумия Сваминатан.