Пневмония илдети эч кандай симптомдорусуз күч алып, көбүнчө бейтаптар үйүнөн дарыланышууда. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков Facebook баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

«Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун филиалы Гансиде бейтаптар бул илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарыла баштады, кубанычтабыз. Бирок, тилекке каршы жаңы ооругандар азайган жок. Урматтуу бейтаптар, өпкө оорусу пневмония эч кандай симптомдору жок эле пайда болуп жатат. Бул өтө коркунучтуу», — деп жазган.

Симптомдор байкала баштагандан тартып, оору өпкөгө жете электе антибиотикалык терепияны баштоо керек деген  Сабырбек Жумабеков жарандарга, үйдөн дарыланууну токтотуп дарыгерлерге барууну сунуштады.