Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга дагы 4 саясий партиядан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүлөр келип түштү.

«Мекен Ынтымагы» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу билдирүү берди. Ага партиянын лидери Темирбек Асанбеков кол койгон.

Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — Нарынбек Чоңмурунов;

Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктууөкүлү — Руслан Урдавлетов.

«Ордо» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу билдирүү берип, ага партиянын лидери М.Мияров кол койгон.

Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — Тимур Арыков;

Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — Санат Муктарбеков.

«Бирик» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу билдирүү берди. Ага партиянын лидери К.Исамамбетов кол койгон.

Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү —Мелис Абельденов;

Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — Айнура Иманбаева.

«Бийлик элге» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу билдирүү берип, ага партиянын лидери К.Эрназарова кол койгон.

Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — Кайрат Аманжолов;

Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү —Рахим Хасанов.

Буга чейин 4-июлда «Мекенчил» (партиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев) жана «Ата Мекен» (партиянын төрагасы Өмүрбек Текебев) саясий партияларынан шайлоого катышуу тууралуу билдирүү түшкөн болчу.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн башталат жана шайлоо күнүнө 45 күн калганда, тактап айтканда 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.

Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленди.