Бүгүнкү күнгө карата 5G технологиялары Кыргыз Республикасынын аймагында киргизиле элек. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Байланыш операторлору КР МТБМК караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин уруксаты жок 5G тармагынын жабдууларын орнотууга жана ишке берүүгө укугу жок. Учурда мындай уруксаттар берилген эмес.

5G тармагын киргизүү жана жайылтуу мүмкүнчүлүгү 2020-жылдын башында карала баштаган. Белгилей кетчү жагдай, 5G жабдууларын пайдаланууда ден соолукка тийгизген терс таасирлери тууралуу эч кандай далилденген тобокелчиликтер жок.