Бул коронавирустан жабыркаган адамдардын 80% жеңил эле ооруп, бир эки күн кыйналып кайра айыгып жатышат.Ал эми 17 % адамдар өтө оор абалда ооруп 10,15 күндө араң, медикамент, техникалык жардамдар менен өздөрүн сактап жатышат. Алардын көпчүлүгү иммунитети төмөн жана вирусту өпкөгө өткөрүп жиберишкен.

Натыйжада пневмония болушууда. Анын бир мисалы мен өзүм. (Кудай шүгүр айыгып чыктым). Ал эми калган 3% адамдар бул атың өчкүр пандемиянын курмандыгы болуп ажал тапкандар. Ал жарандардын көпчүлүгү 60 жаштан жогору же буга чейин хронический ооруулары бар, сахарный диабет, өпкө жүрөк ооруулары бар адамдар болушууда. Кырк жыл кыргын болсо беажал чымын өлбөйт дегендей бүгүнкү кырдаалдан жапа чеккен адамдардын 80 пайызы жеңил өтүп жатканы жаман эмес.

Бирок албетте саат сайын жакшы адамдардын кайтыш болгонун угуу оор болууда. Оорууну берген дагы Кудай, шыпаасын берүүчү дагы Бир Кудай. Ушул учурда биз Жараткан Аллага көп көп жалбарып дуа кылып кайрыла турган учур. Чындыгында адам зат аябай бузулдук. Арам иштер барктуу болуп адал эмгек менен жашагандар кордук көрүп калган учурда Алланын бизге газабы келди окшойт. Ойлонолу, тообо кылалы,пейилди оңдоп эсибизге келели!

Оо Кудурети күчтүү Кудай Өзүң бизге ырайым кыл, Өзүң биз пенделерибизди кечир! Ооруп жаткан адамдарга шыпаасын толук бер, жеңил кыл, ырайым Алла! Заалым, адилетсиз, канкор, кара мүртөз, ыймансыз кайдыгер пенделериңди Өзүң туура жолго сал, Өзүң аларга кифая кыл Алла!

Рахматулла Мухаммед