Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Катардын элчиси Абдулла бин Ахмед Ас-Сулаити менен жолугушту. КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына каршы биргелешкен аракеттер талкууланды.

Катардын элчиси кыргыз тараптын өтүнүчүнө жооп катары гуманитардык жардам түрүндө 420 кычкылтек концентраторун берүү чечими кабыл алынгандыгын, алар жакын арада Бишкекке жеткириле тургандыгын билдирди.

Өз кезегинде Нуран Ниязалиев Катар өлкөсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-катар мамилелерин чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.