Балыкчы шаарынын ооруканасында кезекте турган адамдар көп болуп, мекеменин алдында адамдар кулап жатат. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Нурбек Жумабеков жарыялады.

Автордун айтымында, шаар тургундары оорукананын алдына кезекке туруп, бир-экиден эле кирип жатышат. Мекеме баарын кабыл алганга үлгүрбөй жатат. 

“Киши өлүм алдында турат. Жаш эле бала экен. Аябай кыйналып жатат. Оорукана кабыл албай жатат”, — дейт автор.