«Каражат бөлүштүрүүдө, Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду артыкчылыкка ээ болушат. Өткөн жумада жардам катары келген тышкы каражаттарды иштете баштадык. Кошумча маалыматтарды берип турабыз», — деп билдирди Каржы министри Бактыгуль Жеенбаева.
Министр тышкы каражаттан сырткары, республикалык бюджеттен дагы каражат бөлүнүп жатканын белгиледи.
Өткөн жумада Каржы министрлигинин жалпы төлөмдөрү 604,7 млн сомду түздү:
-КР ССМ – 110,8 млн сом, анын ичинде 17,8 млн сом – очоктордо иштеген саламаттык сактоо мекемелеринин медкызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр жана ПЦР-анализге керектелүүчү каражаттарды алууга 93 млн сом бөлүнгөн.
-Кычкылтек концентраторун алууга – 50 млн сом.
-ММКФ очоктордо иштеген саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр – 91,7 млн сом.
-Жеке коргонуу каражаттарын алууга – 300 млн сом.
-Обсервацияда иштеп жаткан ӨКМ кызматкерлерине – 32, 7 млн сом.
-Мигранттар менен иш алып барууга ТИМге – 15 млн сом.
-Обсервацияда шарттардык уюштуруу үчүн ӨКМге- 52,9 млн сом.