2020-жылдын 6-июль күнү өлкө аймагында коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасына ылайык, КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан  шаардын аймагында залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Тактап айтканда, Ош шаарындагы ири делген Борбордук базары, Келечек, Бостон базарлары, Авто запчасть базары жана чоң, кичик соодо түйүндөрү, көп кабаттуу турак жайлардын подъездери, жаш балдар аянтчалары, дарыканалар, тротуарлар жана эл көп чогулган жайлар залалсыздандырырылды.

Ага улай, жергиликтүү жарандарга илдеттен коргонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иш-аракеттер өлкөнүн бардык аймактарында улантылууда.