Outdoor portrait of a sad teenage girl looking thoughtful about troubles

Бул жолу каарманыбыз күйөөдөн жолу болбой, азыркы жашап жаткан жашоосун баяндаган. Анын айтымында, көпчүлүк эркектер күйөөдөн чыккан айымдарга жеңил көз карашта карашат.

Өзгөчө кыргыз жигиттерден эмнеге мынча жеңил ойлонушат? Күйөөдөн чыкканымды билишкенде эле ойлору бузулат.

Ажырашкандан бери той-топурга же отуруштарга бара албай калдым. Эркектер мени башкача карап, айрымдары ачык эле көңүл ачып келүүнү сунушташат.

Күйөөм менен алты жыл бирге жашадык. Жубайлардын көз карашы төп келбесе жаман экен. Өзүбүздүкүн берчү эмеспиз. Акыры чыр-чатактан тажап, тынч эле эки жолго түшүүнү чечтик. Уулубуз бар. Мени менен турат. Атасы дем алыш күндөрү алып кетет.

Кызык, ажырашкан келиндерди эмне үчүн жеңил ойлуу дешет? Же өзүм көз кысып тийишсем бир жөн.
Күйөөдөн чыкканымды билишкенде эле ойлору бузулат. Кайдагыларды жазып, көңүлүмдү оорутушат.

— Чакырса барып кое бер.
— Эмне деп жатканыңды түшүнүп турасыңбы?
— Эми, ажырышкандан кийин каалаганыңды кылсаң болот дейм да.
— …Жакындарым ушинтип жаткандан кийин башкаларды айтпай эле коеюн.

Туугандарым менден кадимкидей уялышат. Чогуу бир жакка барчу болсок, “күйөөдөн чыкканыңды айтпа”,-деп алдын ала эскертип коюшат. Өз атым унутулуп, “баягы Калимандын бир эрден чыккан кызы” аталып калдым.

Күйөөм баламды алып кеткени келди. Кызыгып, “сени элдер аял алып кетирген деп жатышабы” десем, “жок”, — деди. Жакында бир жигит менен таанышкам. Артыман калбай ээрчип жүрчү. Макул деп бир-эки жолу киного барып койдум. Көп өтпөй үйлөнүү сунушун киргизе баштады.

— Менин балам бар, ажырашкам.
— Койчу.
— Ооба.
— Анда, мындай эле чогуу жашай берсек болот экен да.
— Жакшы кал.

Сыртынан карганда билимдүү жигит көрүнөт. Андан бул нерсени күткөн эмесмин. Тамашалап койгом деп жазып тынчымды алып жатат. Менин азыр тамаша көтөрө турган убагым эмес.

Ар кимдин сөзүнө басынып кадимкидей чүнчүп кеттим. Жашоомдун кызыгы жоголуп баратат. Мен дагы турмуш куруп, бактылуу болгум келет. Бирок, бул оюм оңунан чыкпачудай. Эмне үчүн ажырашкан аялды жеңил ойлуу дешет?

Мээрим

Булак: Кadam-media.kg