Чүйдүн Ысык-Ата районунда 7-июль күнү саат 07:00 чамасында Дмитриевка айылынын Ленин көчөсүндө “ВАЗ-2107” жана “Mercedes-Sprinter” унааларынын ортосунда жол кырсыгы катталган. Бул туурасында ӨКМдан билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши (1997-жылы туулган) каза болуп, 3 адам жабыркаган (аты жөндөрү такталууда).

Жерине ӨКМнин №27 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар медицина кызматынын унаасы менен ооруканага жеткирилген.