Жумушка орноштуруу кызматынын адистери, аралыктан иштөөдө, эң жогорку акы төлөнүүчү адистикттерди белгилешти.  Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Ага ылайык, бугхалтер жана котормочу болуп, аралыктан иштегендер жакшы акча табышкан.

Мындан тышкары, онлайн соода тармагында айлык акылардын кыйла жогору экендиги байкалат.

Санкт-Петербургдагы компаниялардын биринде бизнести өнүктүрүү боюнча менеджер 100 миң рубль ала алат. Мындай кызмат ордун ээлөө үчүн талапкер үч жылдык иш тажрыйбасына, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, коммерциялык сунуштарды жана презентацияларды даярдоодо жакшы жөндөмгө ээ болушу керек.

Контексттик жарнама боюнча адис аралыктан иштөө шарттарында 120 миң рублга чейин акча таба алат. IT тармагында, көбүнчө 100 миң рублдан жогору маяна менен аралыктан иштөөнү сунушташат.