Ырчы Асел Кадырбекова автокырсыкка кабылып, ооруканада жатат. Бүгүнкү күнгө карата ырчынын абалы тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында: 

«Ырчынын абалы оор бирок туруктуу. Бир аздан сүйлөп баштады. Биз аны жандандыруу бөлүмүнөн өзүнчө палатага котордук. Жанында апасы бар. Ал эми Асел Кадырбекова апасын жана башка адамдарды тааный баштады. Бирок ал көбүнчө уктап жатат. Жылыш бар», — деди Жумабеков.