“Манас” Эл аралык аэропортунда 7-июлда “Урал авиа каттамдары” авиакомпаниясынын Екатеринбург – Бишкек каттамы менен чартердик рейсин тосуп алышты. Мекенине Россиядан 218 КР жараны кайтып келди, анын ичинде балдар да бар. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Чартердик рейс дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдукка жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын негизинде түзүлүп, каттам менен курч муктаждыгы бар жарандар: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдеттери барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандардан сырткары, Урал федералдык округундагы Жогорку окуу жайларынын студенттери жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен күрөшүүгө жардамга келе жаткан дарыгерлер, медайымдар мекенине кайтып келди.

Андан тышкары, бул каттам менен Башкы консулдуктун жарандык активисттери жана кызматкерлери тарабынан гуманитардык жардам катары, жалпы суммасы 4300 АКШ долларын түзгөн кычкылтек концентраторлорун, глюкометрлер, пульсикометрлер жана жеке коргонуу каражаттары жиберилген.

Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган КР жарандарынын кайтып келиши боюнча иштер улантылат.