Эстрада ырчысы Азиз Батыров уулду болду. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына жарыялады. Уулунун ысымын Ынтымак койду.

«Агайын-туугандар мен ата болдум. Элибиздин ак батасы тийип мына жыл айланбай балалуу болуп суйунучубуз койнубузга батпай турган чагыбыз. Кыргызстан жергебизде Улуттар аралык ынтымак болсун деп, тундук-туштук болунбой ынтымактуу болсун деп, калдайган кыргыз элибиз ынтымактуу болсун биримдиги бекем болсун деп жакшы ниет менен уулумдун атын ЫНТЫМАК деп койдум.

Ушул менин уулум эки элдин ынтымагынын копуросу болуп биримдигин бекемдеген жигиттерден болсун деп тиледим ЖАРАТКАНдан. Ак никелеп алган жарым суйуктуу жубайым Азиза Максатай кызы мага уул тороп бергендиги учун чексиз ыраазычылык билдиремин, аман бол эч ооруба түбөлүк бирге бололу, балдарыбыздын сый-урматын бирге көрөлү. Кыргызстан эли сиздер менен бийикпиз ар бириниздерге ушундай ата-эне болуу бактысын каалаймын»,-деди ырчы.