Ырчы Анжелика Бекболиева актриса жана ырчы Асема Токтобекованын ич ара чыры коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан чагы. Чырдын башы Актриса, ырчы Асема Токтобекова Инстаграмдагы өздүк баракчасына Анжеликаны Даткага теңеп сен жардам бербей кайда жүрөсүң деген окурмандын суроосуна  катуу жооп берди.

Мен силерге жардам берүүгө милдеттүү эмесмин деп жооп кайтарган. Мен ооруп жатканда сиз кайда элеңиз деген ырчы. Көп өтпөй Анжелика өзүнүн соцтармагына Асеманын атын атап жалгыз бой болсом дагы жардам берүүдөмүн деген таризде пост жарыялаган.

Бүгүн дагы эки ырчынын кайым айтышуусу уланды. Анжелика билдирүү калтырып, Асема ар кайсы сөздөр менен айтып, улуу эжелерден жардам сурап төмөнкүдөй билдирүү калтырды.

«Күйөөсү жоктор элге даттанат. Мен элиме эле айтат аламын. Ушул Асема деген кыз кечке мага чалып, “итсиң, акмаксың” деп кыйкырып-өкүрүп, телефонду коюп салып жатат. Мен айттым “кел жолугалы, сүйлөшөлү. Бирок, ортодо улуу адамдар болушу керек” деп. Мага чалып “Кой кыздар урушпагыла” деп жаткан улуу ырчы эжекелерден суранат элем. Асема экөөбүздүн сүйлөшкөн сөздөрүбүзгө күбө болуп, чекит коюп берип койбосоңуздар, мен буга чейин эле аны менен сүйлөшүүгө аракет кылгам. Бирок 1, 1 жарым ай өткөндөн кийин кайра эле башталат. Мен такыр түшүнбөйм, мага 3 пост арнаптырсың. Сага рахмат”,- дейт ал.