2020-жылдын март айынан баштап ОШ ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жол кыймылынын эрежелерин жана санитардык-карантиндик нормаларды сактоо боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ош облусунун аймагында облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы менен биргеликте «коронавирус» илдети менен ооругандардын саны көбөйүп бараткандыгына байланыштуу жергиликтүү эл арасында, соода-сатык борборлорунда, эс алуучу жайларда, мал базарларда жана коомдук тамактануучу жайларда санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо, той маарекелерди токтотуп туруу боюнча бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Бүгүнкү күндө Ош ОИИБдин кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү карантиндик нормалардын эрежелерин сактоо боюнча калк арасында такай көзөмөлгө алынып келүүдө. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында жергиликтүү эл менен жолугушуударды жүргүзүшүп, санитардык нормалардын эрежелерин сактоо максатында коомдук транспорттордун айдоочулары жана таксистер арасында түшүндүрүү иштерин өткөрүшүүдө.

Катталып жаткан жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол-транспорт кырсыктар боюнча Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы күнүмдүк маалыматтарында талдоо жүргүзүп, тийиштүү чараларды көрүп келүүдө.Ушундай иш-чаралардын жүрүшүндө, Ош облусунун аймагында жайгашкан тойканалар, эс алуучу жайларда той маарекелерди өткөрүп жаткан учурлар кездешүүдө. Мисалга айта кетчүү болсок: 2020-жылдын 4-июль күнү Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан «Баястан» ресторанында кыз узатуу аземи өткөрүлгөндүгү, анда санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн ресторан ээсине 13 миӊ сом айып пул салынып, ресторан 15 күнгө карантинге жабылган.

Ал эми 5-июль күнү Чыйырчык жайлоосунда Алай районунун Таш-Коро айылынын тургундары тарабынан кыз узатуу аземин өткөрүүгө аракеттер болгондугу, аларга Ош ОИИБдин туристтик взводу тарабынан эскертүү берилген соӊ таркап кеткендиги- айрым жарандар тарабынан тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан санитардык талаптарды так аткарбай жаткандыгы тынчсыздандырат.

Ошондуктан, жарандарга кайрылаарыбыз: мындан ары санитардык эрежелерди бузушкан эс алуучу жайлардын, кафе, ресторандардын кожоюндарына жана той өткөргөн жарандарга карата санитардык-карантиндик эрежелердин негизинде мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн эскертебиз.Урматтуу жарандар! калкыбыздын саламатчылыгы жана өзүӊүздөрдүн жакындарыӊыздардын коопсуздугу үчүн санитардык-карантиндик эрежелерди так сактоону суранабыз.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы