Түштүк Кореянын борбор калаасынын жашоочуларына коронавирус инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү чаралары дрондор аркылуу эскертилди, деп билдирет Евроньюс.


Сеулда, үч жүз учкучсуз учуучу аппараттарга проекторлор орнотулуп, коомдук аралыкты сактоо, бет кап кийүү жана колдорду кылдат жууп турууга чакырган.

Инфекция жуккан адамдардын саны көбөйүп жаткан шартта, бийлик бүт өлкө боюнча профилактикалык чараларды күчөтүү, атап айтканда, үчүнчү  деңгээлдеги карантиндик чараларды киргизүү тутумун караштырууну көздөп жатат.

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө аталган өлкөдө коронавирус инфекциянын 13181 учуру катталып, пандемия башталгандан тартып, 285 адам көз жумган.