Эконмикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) өлкөдөгү бир нече ири фарм-компаниялардын жетекчилерине карата сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатат. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Финпол медициналык препораттарды жана коргонуу каражаттарынын баасы негизсиз кымбатташына каршы рейд жүрүгүзүп жатканы айтылат. Анын натыйжасына препараттардын баштапкы наркынан бир нече эсе жогорулатып ийген фактылар аныкталган.


«Кымбат баада сатып жаткан дарыкана ээлери менен аңгемелешүү өткөрүлдү. Айрымдары бааны дары ташыгандар жогорулатып жибергенин айткан. Мындан сырткары, Финполго «Коорупцияга каршы коому» жана «Демилгелүү жаштар борбору» даттануу менен кайрылган. Алар дары ташыган ири фарм-компаниялар бааны негизсиз жогорулатып жана жасалма түрдө дефицит жаратып жатканын билдирген. Бул боюнча териштирүү башталды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле азыркы тапта бааны жөнгө салуу боюнча бир катар иш-чаралар жүрүп жатканы белгиленди. Прокуратура жана соттун санкциясы менен фарм-компаниялардын биринчи бухгалтердик документтери алынат.

«Ошону менен бирге Финпол кырдаалга карап мыйзам бузган фарм-компаниялардын жана дарыканалардын толук аталышын жарыялай турганын эскертет. Өлкөдө эпидемиологиялык абал чыңалып турганда кимдер өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып кырдаалдан пайдалып жатканын эл билиши керек», — деп эскертти Финпол.

Аталган кызматтын маалыматы боюнча учурда левофлоксацин, лзитромицин, физраствор, ингаверин, арбидол, гропринасин, авипромицин, эргаферон, анаферон, цевтриакцион, асма уколдун системсы, кычкылтек жаздыгы, парацетамол, кардиомагил, тромбоас, фраксипарин дарыларына суроо-талап жогору болууда.