«Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамына кол койгондугуна байланыштуу, Өкмөт бул Мыйзамды ишке ашыруунун үстүндө иштерди баштады. Тактап айтканда медицина кызматкерлерине жана медициналык мекемелердин кызматкерлерине буга чейин төлөнүп келе жаткан айлык маяналарына кошумча төлөмдүн өлчөмү категорияга жараша орточо 25 — 30% көбөйтүлөт», — деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Мисалы: Эгерде буга чейин инфекциялык бөлүмдөрдө, реанимацияда, вируслогиялык лабораторияда, обсерваторлордо жана мобилдик топтордо иштеп жаткан дарыгерге 1 күнгө 2300 сом төлөнсө, азыр 3000 сом төлөп берүү сунушталып жатат.

Мындан тышкары буга чейин 1 ай ичинде 14 күн изоляцияда болуп келсе азыркы учурда изоляцияда болууну 7 күнгө кыскартуу сунушу киргизилип жатат. Бирок изоляцияда болгон күндөрүнө мурунку эле бекитилген тартиптей күнүнө 900 сомдон төлөнөт. Ошондо дарыгер орточо 29 күнгө жалпысынан 72 000 сом кошумча төлөм алат, буга чейин бул сумма 47 000 сомду түзгөн.

«Ушул сыяктуу эле жогорулатуу санитардык-карантиндик пункттарда, блокпосттордо, тез жардам кызматында иштеген врачтарга, орто медициналык кызматкерлерге жана техникалык, кенже тейлөөчү персоналдардын да кошумча төлөмдөрү жогорулайт. Медицина кызматкерлери оор шарттарда адам өмүрүн сактап калуу үчүн күнү-түнү иштеп жатышат. Бул келген сыноодо жардам көрсөтүү үчүн аймактардан медиктер келишти. Өлкө аймагынан тышкары жашаган медицина кызматкерлери дагы четте калышкан жок», — деп кошумчалады.