Бишкекте Патрулдук милиция кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү адамды кармашты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

6-июлда саат 9.20 чамасында 102ге чакыруу келип түшкөн.

Маалыматта айтылгандай,  кичи райондордун биринде,  атасынын токмогунан улам 15 жаштагы кызы  каза болгону  аныкталган.


«Окуя болгон жерге келген патрулдук милициянын  кызматкерлери, 15 жаштагы кыздын каза болгонун аныкташты. Киши өлтүрүүгө шектүү катары 49 жаштагы атасы Б.С. кармалган. Аталган факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча катталды «,
— деп билдирди аталган мекемеден.