Бул жайлар эгерде пневмания оорусу менен ооруган жарандарга ооруканаларда орундуктар жетпей калса, медициналык жардам көрсөтүү максатында пайдаланылат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Учурда Алай районунда — 100, Кара-Кулжа — 106, Кара-Сууда — 90, Өзгөн районунда — 220, Чон-Алай районунда — 100 керебет даяр болду жана алгачкы бейтаптар жардам алууда. Араван районунун райондук штабында каралууда.

Учурда облустун аймагында обсервация үчүн 1910 орун даярдалган. Ал эми ооруканаларда изоляция үчүн 730 орун даяр жана бейтаптар дарыланууда.