Алдыда шайлоо, аны да түшүнсө болот. Көптөгөн саясатчылар пандемияны колдонушуп, элдин көз жашынан пайдаланып, өзүнө упай топтой башташты.
Бирок азыр акыл үйрөтүп жаткан саясатчылар өздөрү убагында мамлекетти башкарып турганда, ушунча жылдан берки топтолуп келген ошол эле медицина жаатындагы көйгөйлөрдү чечкенге жарады беле? Жок, тескерисинче улам келгени сызга отургузуп, коррупциялык иштерге аралашып, позор менен кызматтан кетишкен.

Темир Сариев элибиз оор абалда турат. Медицинага керектүү жабдуулардын баарын алып берип, камсыз кылуу зарыл. Врачтардын айлыгын көбөйтүү, аймактардагы ооруканаларга чейин даярдыкты күчөтүү керек, дептир.

Сариев премьер болуп турганда ушуларды ким жасаба, кой дептир? Врачтардын айлыгын жок дегенде бир сомго көтөрүп, ооруканаларга көңүл бурду беле Сариев?

“Мындай кырдаалда чукул чечимдер кабыл алынышы керек. Кечээ Коопсуздук кеңешинен чукул чечимдерди, жоопкерчиликтүү чаралардын аткарылышы боюнча чечимдерди күткөнбүз”, дейт Сариев. Көзү чоңураак ачып, Темир Аргенбаевич, Совбездин чечимин окуңуз. Чала-була көз жүгүртпөй. Кийинки жасай турчу кадамдар пункт менен тизмектелип турат. Ошонун аткарылышы тыкыр көзөмөлдө болушу керек деп айтсаңыз жарашмак.

Бюджеттин тартыштыгын айтып, акыл үйрөтүп келип, кайра эле Центеррадагы Кыргызстандын кол тийгис активине жармашып жатат. 850 млн доллар бар, ошону пайдаланышыбыз керек, деп жарым жылдан бери бир айтып, эки айтып койбойт.
Муну “неприкосновенный запас” деп коерун эң сонун билесиз. Бирок кайра- кайра эле жеке кызыкчылыктын айынан айта бересиз.

Кылыш керек,алыш керек, куруш керек деген сөздү телевизор менен сүйлөшүп диванда жаткан слесарь сантехник деле айтып кое берет, сиз кылдым, жасадым, курдум, көбөйттүм, алып бердим, жардам кылдым деп айткан деңгээлдеги кишисиз.
Элге күйүп жатканыңызды конкреттүү ишиңиз менен көрсөтүңүз, керек керек керек деп акыл айткандар сизден башкасы деле жетишип жатат.