Автралиянын Мельбурн шаарынын тургунун мышыгы тырмап, жарасына шилекейи тийген соң көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 80 жаштагы аял Минти деген мышыгын багып алган. Ушул айдын башында аял мышык менен чогуу уктаган соң түн ичинде мышык аялдын колун тырмап, кийин анын жарасын жалаган.

Жыйынтыгында жаныбардын шилекейи канга кетип, аял бактериялдык менингит оорусун жуктуруп алганы аныкталган. Тез жардам кызматы келип аялды ооруканага алып барып, абалы начарлап 9 күн комада жаткырылган. Кийин эсине келбей ооруканадан көз жумду.

Жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштеген дарыгерлердин айтымында, орто эсеп менен аптасына бир адам мышыктын шилекейиндеги бактериялардын кесепетинен ооруканага кайрылып турушат. Айрыкча мышыктардын 40 пайызы өмүрүндө бир жолу bartonella henselae  бактериясын алып жүрүшөт. Ал өз кезегинде иммунитети жагынан алсыз балдар мышык менен ойногон учурунда мээсине, көзгө, жүрөккө жана ички органдарына катуу зыян алып келет.