Бишкек шаарынын мектептеринде кошумча 4 күндүзгү стационар ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы.

Жарандар борборлордо медициналык кеңеш, ийне сайдыруу жана тамчылатма дары (капельница) дагы алса болот. Буга чейин дагы 4 стационар ачылып, 2 күндүн ичинде 3,5 адамды кабыл алышкан.

Иштөө убактысы: 8:00дөн 20:00гө чейин.

Биринчи май району: Патрис Лумумба көчөсүнүн №9 дарегиндеги №83 мектеп,;

Ленин району: Токтогул 220 дарегиндеги №68 мектеп;

Свердлов району: Дордой-13, 487/4 (Дордой конушу) дарегиндеги № 94 мектеп;

Октябрь району: Анкара 1/10 дарегиндеги «Сейтек» мектеби.

Күндүзгү стационарлар ӨКМдин кызматкерлеринин колдоосу менен ачылып, иштеп жатат. Куткаруучулар керебеттерди, чатырларды орнотуп, дарыгерлерди ысык тамак менен камсыз кылышууда.