«Ош» эл аралык аэропортунда 8-июлда «S7 Airlines» авиакомпаниясынын Новосибирск–Ош багыты боюнча чартердик каттамды тосуп алышты.

Бул каттам менен Кыргызстанга Россиядан 173 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.

Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин кызматкерлеринен турган Комиссия тарабынан түзүлдү

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Каттамга Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынан айрылып жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылган жарандар кирди.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.