Бир сутка ичинде өлкө боюнча 62 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 23
• Чүй облусунда – 16
• Ош ш. – 9
• Ош облусунда – 1
• Нарын облусунда – 3
• Ысык-Көл облусунда – 1
• Жалал-Абад облусунда – 6
• Баткен облусунда – 3
Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1287 учур катталды, алардын ичинен 522 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.