«Биримдик» партиясынан шайлоого катыша турганын расмий билдирген кат келип түштү. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирди. 

Маалыматка караганда, партия лидери Марат Аманкуловдун колу коюлган билдирүү кат келген.

Аталган партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Камчыбекова Мырза-Айым Афтандиловнаны,  каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Карагулов Арсен Дайырбековичти көрсөткөн.

БШКнын чечимине ылайык, партиялар 8-июлга чейин шайлоого катыша турганын расмий билдириши керек. Ал эми 20-августка чейин талапкерлерди көрсөтүүсү зарыл.

Үгүт иштери 4-сентябрда башталып, 3-октябрда бүтөт. Өлкөдө шайлоо 4-октябрга белгиленген, 7-июлга карата 35 партиядан билдирүү келип түштү.

БШК билдиргендей, парламенттик шайлоо дайындалгандан соңку беш календардык күн ичинде ага катышууну каалаган саясий партиялар Боршайкомго бул тууралуу маалымдама жиберүүгө тийиш. Маалымдама жазуу түрүндө, партия уставынын жана мөөрүнүн көчүрмөсү менен кошо жиберилиши керек.

Саясий партиялар БШКга тапшыруучу тизмелер Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, 21 жаштан өйдө, шайлоого жана шайланууга укуктуу жарандарын камтышы зарыл.

Саясий партиялар сунуш кылган талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо бекитилген күндөн тартып, добуш берүүгө 45 күн калганга чейин жүргүзүлөт.