Кыргызстанда COVID-19 илдетинде алдын алуу, дарылоо, диагностикалоо, коопсуздук чаралары жана инфекциялык көзөмөл маселелери боюнча медкызматкерлер үчүн аралыктан жана көчмө курстар өтүлүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында 2020-жылдын 5-февралынан 6-июлуна чейин 16422 адис окуудан өттү.

Аралыктан окутуу курстарында – 8936 медкызматкер, инфекциялык көзөмөл жана жеке коргонуу каражаттарын туура пайдалануу маселелери боюнча жеринен – 7506 медкызматкер окутулду. Алардын ичинде 3038 дарыгер, 3759 медайым, 70 ординатор жана 639 кенже жана башка персоналдын адистери бар.

Ошондой эле COVID-19га экспресс-тестирлөө, ПЧР-изилдөө жүргүзүү, аналитика боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын лаборатордук бөлүкчөлөрүнүн 326 адиси окутулду.