Учурда өлкөдө пневмониядан каза болгондор да көп болуп жатат. Аймактык кабарчы эмне себептен пневмониядан улам өмүрү менен кош айтышкандар көп болуп жатканын билүү үчүн Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Кайрат Абжаловго кайрылды.

«Азыркы пневмония коронавирустун өтүшүп кеткен түрү болуп жатат (осложнение коронавирусной инфекции). Коронавирус биздеги башка бактерияларды ойготуп, аны менен чогуу өпкөгө барып, пневмония оорусун жаратып жатат. Пневмония жукпайт деген туура эмес, ал кооптуу, жугуштуу. Буга чейин сасык тумоо өтүшүп кеткенде жөтөл менен коштолуп, анан өпкө кыйналчу. Учурда коронавирус өнөкөт оорулардын бактериясы менен чогуу өпкөнүн бир же эки тарабында пневмонияны жаратып жатат. Симптомдору: биринчи дене табы жогорулап, курук жөтөл пайда болот», — деди Кайрат Абжалов.

Дарыгер сасык тумоо башталып, жөтөлүп, чүчкүргөндө өз алдынча дарыланбастан, дароо өзү жашаган аймактагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылууну сунуштады. Ал социалдык тармактар аркылуу дарыгерлер сунуштаган дарылар менен эле , айыгып кетем деген туура эмес экенин, алгоритмдин негизинде гана дарыланыш керек экенин кошумчалады.

Соңку маалыматка караганда Кыргызстанда март айынан бери пневмониядан жалпы 224 адам көз жумду.

Булак: Турмуш басылмасы