Күндүзгү стационарларды ачуунун алгачкы күнүнөн тартып ийне жана капельницаларды 1000-1300гө жакын бейтап алышууда. Ал жакта 191 медицина кызматкери кызмат көрсөтүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Медицина мекемелерин тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштер уланууда. Демөөрчүлөр тарабынан Токмок жана Чүй аймактык ооруканаларына 5 ИВЛ аппараты сатылып алынды. Бардыгы болуп облус боюнча ар кайсы булактардын каржылоосу менен 161 кычкылтек концентратору алынды.

Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Намазалиев тарабынан кычкылтек концентраторлорун сатып алууга 4 млн сомго жакын акча каражаты бөлүндү.

Ыйгарым укуктуу өкүл койка-орундуктарды көбөйтүү жана аларды жабдуулоо боюнча иштерди улантуу тапшырмасын берди.