Бир нече күн мурун Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен калаанын төрт районунда күндүзгү стационарлар ачылган. Эки күндүн ичинде стационарлар 3 миң 500дөн ашык адамды кабыл алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Медкеңешке, ийне жана тамчылатып дары сайдырууга муктаж болгон адамдар көп болгондуктан ишкерлер муниципалитетти колдоп, шаардын мектептерине төрт кошумча дарылоо үчүн стационар ачылды.

Эртеңден тартып саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин стационарлар төмөнкү даректерде кабыл алат:

Биринчи май району: Патриса Лумумба көч, 9 дарегиндеги №83 мектеби;

Ленин району: Токтогул көч, 220 дарегиндеги №68 орто мектеби;

Свердлов району: Дордой-13 көч, 487/4 (Дордой конушу) №94 мектеби;

Октябрь району: Анкара көч, 1/10 дарегиндеги «Сейтек» мектеби.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциянын жеңил түрү менен ооруп жатсаңыздар, ийне жана тамчылатып дары куюу же болбосо медициналык кеңеш керек болсо, күндүзгү стационарларга саат 8:00дөн 20:00гө чейин кайрылсаңыздар болот.

Эскерте кетсек, стационарлар оор абалдагы бейтаптар үчүн ылайыкташтырылган эмес.

«Сураныч! Сыртка чыкпаңыздар! Үйдө болуңуздар! Жеке гигиенаны, аралыкты сактаңыздар. Тартип оорулардын өсүшүн токтотот. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!»,-деп айтылат маалыматта.