7-июлда Баткен облусунан дагы 15 ыктыярдуу дарыгер Бишкекке коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүү максатында жөнөп кетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Буга чейин Баткен облусунан 20 дарыгер Бишкекке барып, учурда ооруканаларда иштеп жатышат.