Бишкек шаарында 15 жаштагы кызын сабап, өлтүргөнгө шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жансыз дене 8-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринен табылган.

«Ыкчам иликтөө тобу барып, кыздын жансыз денесин өзү жашаган бөлмөдөн табышкан. Денеге бир нече жаракат келтирилген. Шектелип жаткан кыздын атасы 1971-жылы туулган Б.С. аттуу жаран. Учурда керек болгон бардык экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүүдө», деп айтылат маалыматта.

6-июль күнү болжол менен саат 09:02 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына шаардагы кичи райондордун биринде атасы кызын сабап, анын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөнү айтылган.