2020-2021-окуу жылында КР ЖОЖдоруна жана КООЖдоруна абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди.

Ал үчүн атайын “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыкты.

Анын айтымындад, онлайн системанын негизги максаты – пандемия учурунда жарандардын коопсуздугун сактоо жана бардык абитуриенттерге бирдей шарт түзүү.

Аны менен бирге, абитуриенттерге ЖОЖго кирүү үчүн конкурска электрондук форматта катышууга мүмкүнчүлүк түзүп, кабыл алуу комиссияларынын конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тийгизүүчү таасирин минималдаштыруу болуп эсептелет.