Бүгүн Бишкек шаарына чартердик каттам аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сатылып алынган 200 даана мобилдик кычкылтек концентратору экинчи партия катары алынып келинди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Белгилесек, 2020-жылдын 5-июлунда биринчи партия менен 500 даана мобилдик кычкылтек концентратору алынып келген, ал эми калган 800 даана кычкылтек концентратору жакынкы арада өлкөгө жеткирилмекчи.

Кычкылтек концентраторлору ыкчам тартипте коронаривирустук инфекциядан жабыркаган жана өпкөсү кагынган жарандар дарыланып жаткан республиканын медициналык мекемелери арасында таркатылып берилет.