8-июлда Кыргызстанга Түркия Республикасынан Кыргыз Республикасынын 326 жараны кайтып келди, аларды ичинде жаш балдар да бар. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Биздин жарандар «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча чартердик каттамы менен учуп келишти, бул рейс Түркиядан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Түркиянын жарандарын алып чыгарып кетүү үчүн уюштурулган.

Бул каттам Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Белгилей кетсек, Түркия Республикасы тарабынан эл аралык авиабилдирүүлөрдүн кайра жанданышына жана чет элдик жарандардын кирүүсүнө болгон чектөөнүн жокко чыгарылышына байланыштуу, бул каттам менен Малайзия, Түндүк Кипр, Израиль, Болгария, Канада жана Европа, Азия жана Африканын башка өлкөлөрүнөн биздин жарандарды Кыргызстанга кайтаруу мүмкүн болду, аларды чыгарып кетүү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү киргизген чектөөлөрдөн улам көп убакытка чейин логистикалык каттам уюштуруу кыйынга туруп келген.

Чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын жарандарын Мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда.