Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков Facebook баракчасы аркылуу баарыбыз биригип берген антыбызды иш жүзүндө көрсөтөлүк деген пикирин коомчулукка жарыялады.

«Урматтуу кесиптештер, майрамдык маанай жок, элибиздин ден соолугу коркунучта. Бизден жардам күтүп турган убак. Келгиле баарыбыз биригип берген антыбызды иш жүзүндө көрсөтөлүк.

Тилекке каршы, арабызда дизертирлер да бар. 

Калп эле оорумуш болуп жатып алгандар, аларды Кудайга койдук…

Бирок жаштарга кайрылгым келет, практика көрсөтүп атат, кокус оруп калсаңар, силердики жеңил өтөт. Өзүбүздү өзүбүз даарылап алабыз. Коркпогула! 

Силер бүгүн элге, бейтаптарга керексиңер, келгиле адам өмүрлөрүн сактап калалы. Мен да силер мененмин», — деп жазган Сабырбек Жумабеков.