Ош шаардык жана Ош облустук сотунун судьяларынан, кызматкерлеринен коронавирустун белгилери байкалып, изоляцияга алынды. Бул тууралуу шаардык жана облустук соттун басма сөз кызматынан кабарлады.

«Учурда Ош шаардык сотунун 1 судьясына эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлуп, ооруканалардын биринде дарыланууда. Ошондой эле Ош облустук сотунун 1 судьясынан, Ош шаардык сотунун 1 судьясынан, Ош шаардык сотунун аппаратынын 2 кызматкеринен коронавирустун белгилери байкалгандыктан изоляцияга алынды. Ош облусунун башка жергиликтүү сотторунда абал тынч, күндөгүдөй тартипте иш алып барышууда. Ал эми сот имараттарына жарандардын кирүүсүнө чектөө коюлуп, аппараттын кызматкерлеринин коштоосунда гана киргизилүүдө», — деп айтылат маалыматта.