Бразилиялык журналисттер президент Джейр Болсонараны сотко берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Бразилиянын Пресс Ассоциациясынын (ABI) расмий билдирүүсүндө айтылат.
Президент журналисттерге коронавирус жуккандыгын жарыялаган конференцияда, журналисттерди тобокелге салганы аныкталган.
Кечээ, 7-июлда, президенттен коронавирус аныкталган.
Болсонару беткапчан пресс-конференцияга келип, бирок к аралыкты сактаган эмес. Андан кийин ал өзүн жакшы сезип жаткандыгын көрсөтүү үчүн бет капты чечип салган.
«Президент Болсонару коронавирусту жуктуруп алгандыгын билсе да, ал кылмыштуу иш-аракеттерин улантып, башка адамдардын өмүрүн тобокелге салган», — дейт ассоциация.
Президент Бразилиянын кылмыш кодексинин «дарыгерлер тарабынан сунушталган обочолонуу режимин бузгандыгы» үчүн айыпталып, камакка алынышы мүмкүн.