Улуттук банктын алтын куймаларын сатууну токтоткону аталган ведомствонун сайтында кабарланды.

Бул чечим Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам кабыл алынган.


«COVID-19дун таралуусун азайтуу максатында Улуттук банк эскирип калган акчаларды алмаштырууну жана алтын куймалары менен нумизматикалык баалуулуктарды сатууну убактылуу токтотот. Бул иштер өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшыргандан кийин кайра улантылат», — деп айтылган маалыматта.