Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) илим изилдөө кызматкери Сумия Сваминатан коронавируска каршы дарыны атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Сваминатандын айтымында, коронавируска каршы колдонулган препарат сыноодон өтүп, «Ремдесивир» деген ат менен чыгарылган дары натыйжалуу жыйынтыкты көрсөткөн. Бул дарынын ичкен бейтаптар ооруканадан чыгып, аны пайдалангандан кийин сакайып чыккандардын саны көп болгон.

Буга чейин Европалык комиссия «Ремдесивирди» Европа аймагында сатууга уруксат берген. Ал эми АКШда 1-майдан тарта бул дарыны колдонууга уруксат берилген. Мурун Эбола менен күрөшүүгө колдонулган бирок натыйжалуулугун көрсөткөн эмес. Адистер бул дары коронавируска каршы күрөшүүдө алгачкы дары болуп кала турганын айтышууда.

«