Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана анын жубайы Айгүл Текебаева ооруп калышты. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жакын туугандарынын билдирүүсүнө таянуу менен жазды.

 Өмүрбек Текебаевдин температурасы көтөрүлүп, ал үйдө жатат. Ал эми жубайына COVID-19 диагнозу коюлуп, ал ооруканага жаткырылган.

Буга чейин, экс-депутат К.Ташиев жубайы экөө пневмония менен ооруп, ооруканага жаткырылганы айтылган. Ал эми депутат Ч.Турсунбеков илдеттен каза болуп, сөөгү кечээ жерге берилген.