Баткен облустук штабда, облустагы акыркы кырдаал талкууланып, коронавирус илдеттин жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында дагы бир катар чектөөлөр кабыл алынды.

Алар;
-10-июлдан тарта Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын жана башка облустарынын ортосундагы коомдук транспорт жана жеке такси кызматтары токтотулат;
-Санитардык карантиндик посттордун иши күчөтүлөт. Жарандардын негизсиз башка аймактарга чыгуусуна жол берилбейт;
-Азык түлүк,тамак аш, курулуш материалдарын ташыган оор жүк ташуучу унааларга гана облуска кирүүгө уруксаат берилет. Жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматы көзөмөлгө алат. Ошол эле учурда бул унаалар жүргүнчү алуусуна тыюу салынат;
-Жаратылышка эс алууга чыгууга тыюу салынат;
-Той мааракелерди өткөрбөө боюнча кабыл алынган чектөөлөргө баш ийбегендерге катуу чара көрүлөт;
-Дары дармек, тамак аш азыктарынын баасын жогорулаткан жарандарга катуу чаралар көрүлөт;
-Өлкөнүн башка аймактарына дарыланууга баруучу жарандар дарыгердин жолдомосу менен облустан чыга алат;
-Облустун аймагындагы мал базарлар бир жумада бир күн гана иштөөсү белгиленет.