Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал начарлаганына байланыштуу Жогорку соттогу судьялардан жана аппараттын кызматкерлеринен ПЧР-анализ алынды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, анализдердин жыйынтыгында аппараттын 8 кызматкеринен жана 1 судьядан коронавирус инфекциясы аныкталды.

«Учурда соттук процесстер дайындалып, кылмыш иштер штаттык режимде каралып жатат. Ишке тиешеси бар тараптар келбеген учурда ишти кароо кийинки мөөнөткө жылдырылат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Бишкектин Октябрь райондук соту да штаттык режимде иштеп жатат. Буга чейин соттор ишке тиешеси жок адамдарды процесске келбөөгө чакырган. Ал эми сотко кайрылган жарандар бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарышы керек.