Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар үчүн «жашыл коридордун» иштөө мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.

Мындай чечим өкмөт тарабынан чет мамлекеттер менен авиабилдирүүлөрдүн убактылуу токтошу жана чек аралардын жабылышы эске алынып кабыл алынды.

«Мындан улам учурда Кыргызстандын аймагында визалык жана вызасыз тартипте жүргөн чет элдик жарандар, ошондой эле жарандыгы жок жактар буйрук жокко чыгарылганга чейин өлкөдөн чыгуу визаларын толтурбастан жана каттоо кагазын талап кылбастан чыгып кете алат», — деп айтылат маалыматта.